Бирде бакыт бирде арман өмүрлөр өттү
Бирде жыргал бирде кайгы көңүлдөр чөктү
Жаштык кезде кетирген бир кемчилигимди
Жалынамын унуткула ал күндөр кетти
Бул өмүрдө эне кымбат ошол билгениң
Мен жөнүндө сурап калса жакшы дегиниң
Жүрөгү ооруйт угуп калса асыл энемдин
Дарттарымды арманымды апам билбесин
Күнөөсү жок адам өмүр берчи
Эне мээримин ченебей Алла

Душман көп билсе билсин
Көрө албастар күлсө күлсүн
Айыбымды жалгыз гана апам билбесин
Ойлогондо уктай албайт
Ушак сөзгө чыдай албайт
Бул өмүрдө кылып жүргөн жакшылыгын айт

Мен жараткан ийгиликтер сиздин дубаңыз
Өмүр сүрчү себепкерим кайгы капасыз
Мага кымбат энекемдин назик көңүлү
Сүйүнсо да күйүнсө да ыйлайт жүрөгү
Ак эмесмин кемчилик бар мен да пендемин
Асыл жарым сен чыдайсын аны билемин
Көрүп жатам бул турмуштун агын карасын
Негизгиси жаман жагым апам билбесин
Кайгысы жок адам
Өмүр берчи энелерге ченебей Алла

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *