Kyrgyz-audio.com

Kyrgyz-audio.com

Кыргызча mp3 каталогу: Ала-Тоо таңшыйт, жомоктор жана башка кызыктуу аудиолор жана текстер жыйнагы.

  • Жаны / Новинки
  • Жыйнактар / Сборники
  • Эн мыкты / Лучшая
  • Ырчылар / Исполнители
  • Ырлар
    • Ырлар 2021
    • Ырлар 2020
    • Мугалим жонундо ырлар
    • Ата жөнүндө ырлар
    • Хит ырлар
    • Той ырлары
    • Эне, апа жонундо ырлар
    • Сүйүү ырлары
    • Мекен ырлары
    • Туулган күнгө ырлар
    • Комуз ырлары
    • Аккордеон ырлары
    • Эски ырлар
    • Гитара ырлары
    • Кайгылуу ырлар
    • Шандуу ырлар
    • Орусча ырлар
    • Жениш куну, 9 май жонундо ырлар
    • Казакча ырлар 2021-2024
    • Жаз жонундо ырлар
    • Мусулман ырлары
    • Озбекче ырлар
    • Балдарга ырлар
  • Жомоктор
    • Кыргыз эл жомоктору
    • Аудиожомоктор
    • Cыйкырдуу жомоктор
    • Кыска жомоктор
    • Турмуштук жомоктор
    • Күлкүлүү жомоктор
    • Айбанаттар жөнүндөгү жомоктор
    • Жомоктор суроттору менен
    • Коркунучтуу жомоктор
    • Орус эл жомоктору
  • Кыргызча минусовка
  • Аудио китептер
  • Караоке кыргызча
  • Байланыш үчүн
  • Facebook
Биздин сайтты смартфоңузга көчүрүүп алыңыз

Жаңы кошулду

  • AFTOK & ALIVE — Мен деле тексти 15.01.2026
  • ULIK — Как не любить тебя? тексти 14.01.2026
  • Perhat Atayew, S Beater — Nari тексти 14.01.2026
  • AIHAN — Из города в город тексти 14.01.2026
  • Самар Жамалов- Жүрөк бар чыгар тексти 14.01.2026

Элге жаккан топ 10 ырлар

  • Ильяз Абдыразаков — Жаңы жыл тексти(52)
  • Самара Каримова. Жаңы жылды тосолу тексти жана mp3(51)
  • Азиз Батыров — Алга Кыргызстан тексти(27)
  • Ak Orgo Boys & AB-92 — Дык кын дыш(20)
  • Гүлбү Ороскул. Ортомчу бизге Ысык-Көл тексти(20)

Кокусунан тандалган

  • Гулумкан Гапарова — Балама
  • Борончу Кудайбергенов — Шоро
  • Самара Каримова — Ханзадам тексти
  • АЙКӨЛ тобу — Өзгөчө сулуу
  • Нурмат Садыров — Бал сезим

Жаңы комментарийлер

  • Аноним к записи Эрнест Абдыжапаров — Ак кептер тексти
  • Аноним к записи Каныкей Эралиева — Жаз тексти
  • Аноним к записи Cыйкырдуу жомоктор
  • Аноним к записи Бекбекей тексти
  • Байкал к записи Мирбек Атабеков — Таң сыры тексти

Жумадагы топ ырлар

  • Азиз Батыров — Алга Кыргызстан тексти(13)
  • Бек Борбиев 50 жаш тексти(7)
  • Ильяз Андаш — Сейдакматтын ыры тексти(7)
  • Алтынай Нарбаева — Бир тууганым тексти(6)
  • КЕҢЕШ тобу — Ханышам тексти(6)
  • Bakr-Сирень тексти(5)
  • Асанкалый Керимбаев — Ак булуттар тексти(5)
  • Гүлбү Ороскул. Ортомчу бизге Ысык-Көл тексти(5)
  • Кумар Асанов — Кыргызстан тексти(5)
  • Мирбек Атабеков — Таласым тексти(5)

Кыргызча ырлар » Сыймык Бейшекеев

Сыймык Бейшекеев — Досума тексти

Датасы: 10.10.2020 Көрүүлөр: 13272
  1. play

    Досума тексти

Sorry, your browser does not support HTML5 audio.


Көөдөнүмдөн муң арылбай жатты,
Көкүрөк дарты жарылбай жатты.
Убакыт учат зымырык куштай,
Уйкусуз далай таңдар да атты.
Колдон бир келбес иш экен аттиң,
Козголбос жайга сен эми кеттиң.
Чымындай жаның чыркырап кетти,
Чын кеткениңди мен бүгүн сездим

Эмне мынча сен эртелеп кеттиң,
Элиңдин бүтүн жүрөгүн эздиң.
Укканда сени ишене албай,
Ушак бул жалган бир кептир дедим.
Арман күн андай болбоду досум,
Ыр бутагына конбодуң досум.
Аталап ыйлаар туяк калтырып,
Анан кийин не соолбодуң досум.

Арбыбай сенин кадамың досум,
Арылбай жакшы арааның досум.
Сыздатып коюп сен учуп кеттиң,
Сагындык сенин карааның досум.
Артыңдан калган досторуң досум,
Армандуу коштойт үнүңдү досум.
Черткенде черди таркатчуң аттиң,
Гитардын кылы үзүлдү досум.
Арман ыр жүрөк толгойт го досум,
Өзүңдөй эми болбойт го досум.
Эрте алып кеткен арадан бөлүп,
Боору таш ажал тойбойт го досум.
Булактын көзү соолдубу досум,
Буурчак жаш көзгө толдубу досум.
Береним бизден бөлүнүп учтуң,
Бейишке жаның кондубу досум.

Узатып бирге өзүңдү жоктоп,
Табигат кошо ыйлады досум.
Таарыныч айтып тагдырга наалат,
Канча жаш жүрөк сыздады досум.
Тууганың менен досторуң досум,
Жүргөнбүз сени жан тутуп досум.
Келдиң да кайра шашылыш кеттиң,
Ата-энең калды кан жутуп досум.
Сүйгөнүң калды артыңдан жоктоп,
Сүйлөбөй сенин жүрөгүң токтоп.
Кантели тагдыр ушу экен арман,
Аркаңда калдык буркурап-боздоп.
Күлгөнүң күнгө тең эле Таалай,
Күйүткө салдың эң эле Таалай.
Таалайы тайкы адамдай болуп,
Тагдырың неден кем эле Таалай.

Кызарып күнүң баттыбы досум,
Күкүктөй үнүң каттыбы досум.
Жалынсак дагы келбейсиң кайра,
Жаннатка жаның жаттыбы досум.
Булутка күнүң баттыбы досум,
Булбулдай тилиң каттыбы досум.
Ыйласак укпай сен кетип калдың,
А дүйнө эмне жактыбы досум?
Туулган жериң Чаткалың досум,
Турпагын жаздап сен жатканың досум.
Адамдын баарын өзүндөй көрбөй,
Жүрсөң бир болмок сактанып досум.
Эзилип жүрөк зырп этти досум,
Ээ кылбай ажал шыр кетти досум.
Буркурап, боздоп биз калып калдык,
Ырдалбай канча ыр кетти досум.
Энеңе кыйын иш болду досум,
Кандай бир күнгө туш болдуң досум.
Бектурган уулу Таалайбек өзүң,
Элиңен кеткен бир куш болдуң досум.
Ырларың калды аманат досум,
Унутулбай ырың ырдалат досум.
Таалайбек деген атың жүрөктө,
Түк өчпөс болуп сакталат досум.
Унутулбай ырың ырдалат досум,
Кош, эми Таалай, тынч укта досум…

Сизге балким булар жагат?

  • default-music
    Сыймык Бейшекеев — Жашоо маңызы тексти
  • default-music
    Сыймык Бейшекеев — Кайдан келдиң? тексти
  • default-music
    Сыймык Бейшекеев — Төр талашпа тексти
  • default-music
    Сыймык Бейшекеев — Салам, салам тексти

Сыймык Бейшекеев — Досума тексти: 2 комментарий

  1. Аноним:
    04.10.2021 в 02:36

    Сонун ыр!!

    Жооп бериңиз
  2. Аноним:
    24.10.2023 в 10:00

    Ооба … Аябай жакеты,,

    Жооп бериңиз

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз Отменить ответ

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *

Ырлар жыйнактары

Жаны ырлар
Жыйнактар
Эн мыкты
Ырлар 2021
Ырлар 2020
Хит
Той
Эски
Шаңдуу
Кайгылуу
Энелерге
Аталарга
Кыздарга
Кичинекей балдарга
Мугалимдерге
Сүйүү
Мекен
Айылым
Туулган күнгө
Күз
Кыш
Аккордеон
Комуз
Гитара
Орусча
Өзбекче
Казакча
Мусулман
Facebook жазылыңыз   Жаны/Новинки  Жыйнактар/Сборники  Эн мыкты/Лучшая  Ырчылар/Исполнители  Жомоктор  Аудиокитептер  Жарнама боюнча   Автордук укук ээлерине 
© 2003-2026. Kyrgyz-Audio.com порталы.   Бизге жазыңыз: info@kyrgyz-audio.com.