Датасы: 26.10.2020
Формат: mp3

Кызыктырган гүлүм, ай
Кызыгамын, билгин ай.
Жандап баса албаймын
Жалтантат го сүрүң ай.
Кыйнап мени бүттү го
Кызгалдактай түрүң ай.
Күлмүң көзүм, татынам
Күбүлбөсүн бүрүң ай.
Кайырма:
Ах, гүлүм ай, гүлүм ай
Сага таза дилим ай.
Чаңкап суусап, ыр ырдап
Чарчады го тилим ай.
Ох гүлүм ай, гүлүм ай,
Сага таза сүйүүм ай
Чаңкап суусап, ыр ырдап
Чарчады го тилим ай.

Басканың бут маралдай
Батынып мен баралбай.
Чаң толсо да камбары
Чай ичкендей карандай.
Кол сунсам да жетпедим
Койсоң эмне жаралбай.
Ээнсиреп кыйналдым
Эл баспаган аралдай.
Кайырма:
Ах, гүлүм ай, гүлүм ай,
Сага таза сүйүүм ай.
Чаңкап суусап, ыр ырдап.
Чарчады го тилим ай,
Эх, эх, гүлүм ай
Сага таза сүйүүм ай.
Чаңкап суусап, ыр ырдап.
Чарчады го тилим ай.

Суу аласың булактан
Суугун артып караткан.
Качан сага сырдашам
Калыс болчу жараткан.
Сезилбестен өткөнбү же
Сени сүйөөр курактан.
Таң берейин жүрөккө
Тамшандырып сураткан.
Кайырма:
Ах, ах, гүлүм ай,
Сага таза сүйүүм ай.
Чаңкап суусап, ыр ырдап.
Чарчады го тилим ай,
Эх, гүлүм ай, гүлүм ай
Сага таза сүйүүм ай.
Чаңкап суусап, ыр ырдап.
Чарчады го тилим ай.


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *