Жоругум азыр чоочун мага бөтөн
Жолуккан күндөрдү эстеп, сага өткөн.
Сен иштеп отурганда, шек алдырбай
Сеңселген чачтарыңды карап өтөм.
Сезимди сага арнаган кирдим чийип
Сездирбей басып кеткен, ичтен күйүп.
Бурулуп, эки айрылыш жолго салган
Бул турмуш аска болчу бизден кийин.
Көп мезгил аккан сайын өзөн болуп
Көрүнгүң келет мага, бөтөн болуп.
Элжиреп күлгөнүңдү көп жашырбай
Эстей жүр өткөн жазды эсен болуп.
Бир басып далай кечти күүгүмдөнгөн
Бир сыйра жолукмайын түн кирбеген.
Ал кездин урматы үчүн балбылдаган
Аман бол, асыл кечим күлмүңдөгөн.
Эсен бол, эркетайым күлмүңдөгөн.