Сандардын сыйкырлуу өлкөсүндө Кошуу жана Алуу деген эки бир тууган жашаптыр. Кошуу өзүн аябай жогору коюп, минтип мактанчу экен:

— Мен бул өлкөдө эң негизгисимин: сандарды бири-бирине  кошпосом эч нерсе көбөйбөйт. Ал эми сен болсо кемиткенден башканы билбейсиң, эч кимге эч кандай пайдаң жок.

Күндөрдүн биринде ушул сөздү уга берип жадаган Алуу таарынган бойдон кетип калат. Ошентип ал кетип баратып кимдир-бирөөлөрдүн жардам сураган аянычтуу үндөрү угулат. Ал чуркап келип караса, шаарга  сандар кол салыптыр. Алар абдан көп экен. Кошуу аларды ого бетер көбөйтүп салыптыр. Жаңы эле пайда болгон 5000 саны заматта 10 000ге жетти. Эмне кылыш керек? Алуу ойлонуп-ойлонуп акыры башына жакшы бир  ой келди. Ал дароо эле 10 000ден 9999ду алды эле, шаарда 1 деген гана сан калып, аны шаар эли туткундап алышты.

Ошондон соң Алуу бул шаарда абдан барктуу  белгигиге айланган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)55
Ким күчтүү26
Жоогазын16
Жетим менен сыйкырчы жомок8
Акылдуу балдар7
Алия менен жылкы7
Аяз менен коён7
Алданган карышкыр жомок6
КҮЧ БИРДИКТЕ ЖОМОГУ6
Карышкыр жана жети улак5

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *