Жай мезгил, кечки салкын бешим убак,
Муздак жел жүрүп турат беттен сылап.
Келатам бак аралап жалгыз өзүм,
Булбулдун безеленген, безеленген
Үнүн улап.

Бак ичи кызыл-тазыл гүлгө оронгон,
Түркүн куш түрдүүсүнө учуп конгон.
Капыстан суу боюна карай калсам,
Нур чачып көрүндүң сен, көрүндүң сен
Айым толгон.

Кол берип эсендешип жайдарыңан,
Гүл бердиң үзбөй туруп сабагынан,
Күлгүн жүз, чолпондой кез сынга толду
Сылап жел желбиретсе, желбиретсе
Саамайыңан.

Махабат барган сайын жакындашып,
Сыр чечти, эки жүрөк бирге басып.
Көркөм түр, сүйкүмдүү ыр, сый жүрүшкө
Көргөндөр суктанышты, суктанышты.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *