Сергитчү черин көңүлдүн,
Сен болдун тоонун салкыны,
Жүрөгүмөн (а) арылтчы.
Сүйүүңдөн бүткөн дартымы.
Жабыркатпай сен (ай) кечке эле,
(Деги) жазасың (а) качан жарпымы.

Бадалда түлкү сен болуп,
Бардык жерди жойлодум.
Басса (бир) түшүп калар деп,
Барып (бир) капкан койгомун.
Басташкан киши кеп чыгар.
Баркына жетсе ойногун.

Жаштыктын күткөн ишине,
Жардамдаш болчу кичине,
Кетчү (да) болдум жабыркап,
Жалының түшүп ичиме
Жалбара кетем көргөндө
Жаш карда түшкөн изине.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *