Таан падыша аудиосун угуу

Илгери, илгери бир кемпирдин жалгыз баласы оокат-турмушу начар болгондуктан, кырманда кылтак салып жүрчү экен. Бир күнү кылтагына таан түшүп калат. Бала барып таанды чыгарып алайын десе, таан кадимки кишиче балага карап:

— Капыстан сенин кылтагыңа түштүм. Эмне десең берейин мени бошот. Атам падыша. Төрт түлүктүү малы бар. Азыр коеберсең, жети белес ашам, ошого чейин карап тургун да, мен ашкан белес менен бара бергин. Төрт белес ашкандан кийин биздин жылкыга жетесиң. Ал жерге түнөп алып, андан ары сурай-сурай бара бергин. Атамдын жайыл супарасы бар. Анын мааниси, касиети «жайыл, супарам, жайыл» десең түрдүү оокат даяр болот. Ошону атамдан сурап алсаң, энең экөөң ошону менен оокат кыласың,- дейт.

Ошентип бала таанды кое берип, кылтагын көтөрүп алып, энесине айтпастан, Таан падышаны көздөй жөнөйт. Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп төрт белеске келет. Төрт белестен ашкандан кийин жылкычыларга жетет. Ал жерге түнөп, эртеси уюн, коюн, эчкисин, төөсүн көрүп, көңүлү тоюп, күн бата Таан падышанын үйүнө кирип барат. Бала салам айтып, Таан падышанын очогунун боюна отурат. Ошондо Таан падыша баладан:

— Кайдан келдиң, атың ким, атаң ким?- деп сурайт.

Анын сөзүнө жооп бергиче, кылтакка түшкөн Таан баланы тааный коюп:

— Мени өлүмдөн куткарган ушул бала болучу. Эмнени сураса, ошону бергин,- дейт атасына.

Бала «жайыл супараны» сурайт. Таан падыша бергиси келбей:

— Төрт түлүктүү малдан ар биринен тогуздан берейин,- дейт. Бала болбостон тура берет. Таан падыша:

— Бербеймин,- деп башын чайкаганда, Бала Таан:

— Менин досума сураганын бербедиң!- деп күйүп турган отко түшө калат. Ошондо Таан падыша ары карап ыйлап, бери карап күлүп аргасыздан «жайыл супараны» балага берет.

Бала коштошуп, жайыл супараны көтөрүп алып, энесине келип, «Жайыл супара, жайыл!» десе, бардык оокат супарада даяр болот. Ошентип, бала менен энеси жыргап-куунап, жакшы турмушта жашап калган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор33
Акылдуу балдар30
Кырк калп жомок25
Көмөч нан (колобок) жомок23
Карышкыр жана жети улак18
Карышкыр менен эчки18
Коён менен кирпи18
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *