Жайлоонун жашыл гүлүндөй,
Жаңы ачылган жаштар-ай.
Жарык нурлуу турмушта,
Багы ачылган жаштар-ай.

Жолборс жүрөк бек айбат,
Жоо качырган жаштар-ай.
Жортуп чыкса туюктан,
Жолу ачылган жаштар-ай.

Адыр, түздөн, аскадан
Алтын казган жаштар-ай.
Өнөр, билим артылып,
Жаркылдашкан жаштар-ай.

Жүрөк сырын бирдикте,
Акылдашкан жаштар-ай.
Талкалашкан душманын,
Тартынбастан жаштар-ай.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *