Датасы: 28.04.2024
Формат: mp3

Бактылуу болгум келет махабаттан,
Жүрөктө эс тартканы келе жаткан.
Аруу кыз менин жайдак тагдырыма,
Өзүңсүң өчпөс сүйүү отун жаккан.

Үмүттө ар күн сайын жолуң карап,
Жоодурап жолугууну самап, самап.
Өмүрүм өтүп жатат эңсөө менен,
Кымбатым, келээр жагың кайсы тарап

Түшүмбү түшүм дагы сен жыттанат,
Күлкүмдүн изин көрсөң сага барат.
Дүйнөдө сенин барың эстегенде,
Көңүлдүн көп кайгысы унут калат.

Сени издеп жерди кездим, көлдү кечтим,
Өзүңө көптү окшотуп азап чектим.
Бактылуу болгум келет махабаттан,
Арылгыс ажайып бир нуруң төккүн.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *