Бир жолу Петя бала бакчадан кайтып келе жаткан. Ошол күнү ал онго чейин санаганды үйрөнгөн. Ал үйүнө жеткенде, карындашы Валя эшиктин алдында күтүп отурган. Мен санаганды билем! — деп мактанды Петя. Бала бакчадан үйрөндүм. Мен тепкичтердеги бардык баскычтарды санап берем.

Тепкичтер 2


Алар тепкич менен көтөрүлө башташты, Петя болсо тепкичтерди санап:
— Бир, эки, үч, төрт, беш…
— Эмнеге токтоп калдың? — дейт Валя.
— Токто, мен унутуп калдым андан кийин кайсы тепкич экенин . Мен азыр эстейм.
— Ии, эсте, — дейт Валя.
Алар тепкичте ойлонуп турушту. Петя мындай дейт:
— Жок, мен мындай эстей албайм. Кел, андан көрө башынан баштайлы.
Алар тепкичтен ылдый түшүштү. Кайра өйдө чыгып башташты.
— Бир, — дейт Петя, — эки, үч, төрт, беш…
Кайра токтоп калды.

Тепкичтер 3


— Кайра унутуп калдыңбы? — дейт Валя.
Азыр эле эсимде болчу, мен күтүлбөгөн жерден унутуп калдым! Кел, дагы бир жолу аракет кылып көрөлү.
Кайра тепкичтен түшүштү, Петя кайра баштады:
— Бир, эки, үч, төрт, беш…
— Балким, жыйырма беш? — дейт Валя.
— Жок! Ойлонгонго тоскоол болуп атасың! Көрдүңбү, сен үчүн унутуп калдым! Эми кайра башынан башташ керек.
—  Кайра башынан каалабайм! — дейт Валя. — Бул эмне деген? Өйдө, ылдый, өйдө, ылдый! Буттарым ансыз деле ооруп калды.
— Каалабасаң — мейли, — дейт Петя. — Мен эстебейинче барбайм.
Валя үйүнө барып, апасына:
—Апа, Петя тепкичтеги баскычтарды санап жатат: бир, эки, үч, төрт, беш, андан ары эсинде жок.
— Андан кийин алты, — дейт апасы.
Валя кайра тепкичке чуркап барды, Петя бардык тепкичтерди санат аткан.
— Бир, эки, үч, төрт, беш…
— Алты! —деп шыбырады Валя. — Алты! Алты!
— Алты! — деп Петя сүйүнуп кетти жана андан ары кетти. — Жети, сегиз, тогуз, он.

Тепкичтер 4


Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)32
Жоогазын16
Ким күчтүү12
Аяз менен коён9
Жетим менен сыйкырчы жомок9
Акылдуу балдар6
Алия менен жылкы5
Жаңы жылга даярдык5
Карышкыр жана жети улак5
КҮЧ БИРДИКТЕ ЖОМОГУ5

Тепкичтер: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *