Эмне мынча сүйөм сени
Эмне мынча сагынам
Сенде калган жүрөк деми
Жаңы жылдын таңынан
Издей берем тааныш үйдөн
Издей берем көчөдөн
Карааныңды жоготтум го
Түшүмдөгү төшөгөн
Кайырма
Кайдасын сен табаламбы
Билесиңби тилекти
Адаштырдың бар ааламбы
Уйку көрбөй түн өттү
Гүл оронуп жаткан элек
Майрамбайдын таныңда
Жыпар жыттап шашкан элек
Барсакпы деп айылга
Жүрөк сүйүп таза чындык
Оз жаныңдан чыкпаган
Кучагыңдан денем ысып чачтарыңдан сылагам
Оюм сенде билсең деги ырым сен деп сайраган
Сендеби деп мүрөк көлү
Кышта суусу кайнаган