Датасы: 02.09.2021
Формат: mp3

Ойлонуп отуруп сен үчүн обон жаздым
Баракты толтуруп сөздөрүң сага арнадым
Тандаган адамыңдын бар экенин билсем дагы
Жүрөгүм оюн бербей бир сен үчүн согуп алды
Күтөмүн өзүңдү күтөмүн элесиңди
Жүрөгүңдүн ачкычын сен мага бересиңби
Сагындым чынында сени эстеп көп кыйналдым
Эркелешкен биздин күндөр дагы деле эсиңдеби
Күндөрүм өтүп барат сагынып өзүңдү
Жүрөгүңдү сүйчү элем өзгөчө мүнөзүңдү
Жылмайып карап койсоң сүйөм деп айтып койсоң
Сүйүктүм кечир мени арнаймын жүрөгүмдү

Кайырма:

Унута албайм мен сени
Кыйнадың го сен мени
Күнү түнү жалгыздыкта калдым мен эми
Унута албайм мен сени
Кыйнадың го сен мени
Күнү түнү жалгыздыкта калдым мен эми

Убакыт зымырап арадан күндөр өттү
Экөөбүз жолугуштук нөшөрлөп жамгыр төктү
Ал жамгыр нөшөрү себелеп акырындан
Отурдун унчукпастан карай албай көзүңдү
Эсимде коштошконбуз кыя албай бирибизди
Кош дегим келген эмес кой бере албайм мен сени
Акыркы катым кылып ушул ырды сага арнадым
Түбөлүк бактылуу бол мен унутамын сени
Сен дагы мени унут кой бергин жүрөгүмдү
Тагдырга ыраазымын мен сени сүйгөнүмө
Мен сага сөз бергенмин түбөлүк бир болобуз
Сүйүктүм кечир мени тура албадым сөзүмө

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *