Датасы: 20.10.2020
Формат: mp3

Алтыным апам айымсың,
Жашыл төр жайлоо жайымсың.
Жаныма берип күч кубат,
Жүрөктө аккан канымсың.
Күмүшүм апам күнүмсүң,
Ай жарык салкын түнүмсүң.
Мээримге бөлөп балкыган,
Мен үчүн батпас күнүмсүң.
Күмүш түс тартып саамайың,
Кеч билип тартам убайым.
Актоого аппак сүтүңдү,
Бир өмүр жетпейт кентейин.
Асыл зат ыйык тумарым,
Апакем жашоо булагым.
Келгени ушул колумдан,
Ыр менен таазим кыламын.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *