Датасы: 10.12.2022
Формат: mp3

Бизда жапжаш болгонбуз
Эй кыздар эй кыздар
Ысык суукка тонгонбуз
Эй кыздар эй кыздар
Жакшы заман туш болуп
Жарашып бир толгонбуз
Талаа түзгө көп чыгып
Арпа буудай оргонбуз
Арманы жок жаштыкка
Аздыр көптүр тойгонбуз
Бизда жапжаш болгонбуз

Азыр силер бактылуу
Эй жаштар эй жаштар
Айтканыбыз жактыбы
Эй жаштар эй жаштар
Турмуш деген ушундай
Көрдүк жаман жакшыны
Баалап барктап калалы
Өмүр деген ак кууну
Ийлеп таппай калабыз
Азыркыдай бактыны

Дайым болсун жакшылык
Жакшылык жакшылык
Өркүндөйлү жакшырып
Жакшырып жакшырып
Өмүр деген токтобойт
Ойдо жактан шаштырып
Жан дүйнөңдү каарытпа
Жакшынакай жаш доору
Алды жакка жылалы
Ак тилекти баш кылып

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *