Жубайыңа жумшаксың деп досторум,
Сөз кылышат, мен ал сөздөн коркподум.
Өз аялым, жумшак болсом эмне экен?
Жумшак эмес, мерездиктен коркомун.
Аялым да, демек мага аманат,
Аманатка кылчу беле кыянат.
Ал да айдай, күндөй кызы бирөөнүн,
Ким өз кызын жамандыкка кыя алат?
Керек болсо, мындан дагы жумшарам,
Эң бир бийик, эң бир асыл бул кадам.
Жубайымдын жылмаюусу мен үчүн,
Эң бир кымбат, сен да ошент суранам.
Кара, сага кандай аяш бакырат?
Себеби эмне? ойлоп көрчү жакшылап.
Себеби сен, аялыңа мерезсиң,
Эркекмин деп, көкүрөктү каккылап.
Аялыңа, кол көтөрүп эрдемсип,
Эркекмин деп, мерез болгон тентектик.
Аялыңа сый мамиле, жумшактык,
Мына ушул, ушул накта эркектик.
Аялды сен не максатта аласың?
Аял сага бала төрөп, атасың.
Аял баркын түшүнбөгөн адамдар,
Жөн эле бир ойлоп көрсүн апасын.
Аябай жагат ушул ыр,,жазган ,,ырдаган инсанга терен ыраазычылык билдир
Эн сонун
Сонун ийглик
Сонун чыгарма екен
Аябай жагат,мыкты ыр
Жакты соонун
Тологон досум ээн мыкты адам чынында Аяшка жумшаксын сенден улгу алуу керек