Бир кезде төө менен кумурска биринин тилин бири жакшы билишчү экен. Көк жалбыракка чоң тоюп алган төө кумурсканы шылдыңдаптыр: 168 ‒ Эй, шордуу! Эмнеге мынча жанталашасың? Айланаңды карачы, баары чачылып жатпайбы. Каалаганыңча же, ич, анан укта. Ушуну да билбейсиң, мээң жок турбайбы.
Кумурска төөнүн акылсыздыгын сезип, шордууну аяйт да, көп кеңештерди айтат. Бирок төө кеңешти уккусу да келбейт. Оюнча тайтактап, куунап жүрө берет. Бекерчиликтен аябай семирет. Семизинен көзүнө эч нерсе көрүнбөйт.

Эмгекке көнгөн кумурска жайды жайлай үйүн тазалайт, бузулган жерин оңдойт. Кампаларын түрдүү данга толтуруп алып, кыштын келишин күтөт.

Төө менен кумурска 2



Төрт мезгил алмашып, кыш да келет. Жердин бетин аппак кар, көк муз каптайт.

Кумурска болсо, жылуу үйүнө небак кирип кеткен. Төө азырынча каңгып жүрүп калган. Аргасы кеткенден оозун сайдырып тикенек жеди, карагандын башын кажылады, жантак көрсө жата калып оттоду. Кар калыңдаганда алар да табылбады. Шайы оогондо кумурскадан акыл сурады:

‒ Айланайын, кумурска! Бир арга тап. Бөөдө өлүп калат окшойм. Буркурап ыйлагандай болсо, көзүнүн жашы мөндүрлөп төгүлөт.

Кумурска акылсыз төөгө ошондо мындай деген кеңешин бериптир:

‒ Сен бу кебетең менен өзүңчө жан сактай албайсың. Бирөөнүн акылын угуп, айдаганына көнсөң, жаның калат.

Төө бир аз жандана түшүп, кумурскадан дагы өтүнөт:

‒ Оюңдун аягына чык, акылманым, айтканыңдай болоюн, ‒ деп жалбарат. ‒

Эми, төө, ‒ дептир кумурска, ‒ сени бир батырса, адам гана батырат. Башка айбан аттуудан сага каралашаары жок. Алардын да көбү сен сыяктуу.

Тайралаңдап чуркаган бойдон төө адамга келет. Адам болсо эч капарсыз жыты буркураган чөптөрүн жыйып жаткан болот. Чөгүп жатып келген себебин төө ага түшүндүрөт. Ким кандай шарт менен жибергендигин да айтат.

Кумурсканы адам баштан эле жакшы көрчү экен. Көрсө, адамга да көп пайдасын тийгизиптир.

Адам көпкө ойлонуп туруп, мындай деп кесе сүйлөйт:

‒ Менде бардыгы бар, сени сактап калуу колумдан келет. Бир гана шарт ‒ иштешиң керек.

Уккан кулагына ишенбей, төө делдее түшөт. Бир оокумда эс-акылын жыйып: «Мен макулмун» ‒ деп башын иет.

Ийилген башка адам нокто катат. Ошол күндөн баштап, төө адамдын акылы менен жашап калыптыр. Бир гана жаман жери кайрылып барып кумурскага ырахматын айтпаптыр. «Акылсыз төөдөн акылдуу кумурска жакшы» деген да ошондон бери келатыптыр.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы44
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор25
Акылдуу кыз16
Көмөч нан (колобок) жомок16
Нооруз жөнүндө жомок16

Төө менен кумурска: 3 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *