Датасы: 11.03.2022
Формат: mp3

Дүйнөдө махабат жаралбайт кимде
Сендеги ак сүйүү менде да сенде
Канчалык сүйсөм да өзүңдү жаным
Кош болду тагдыр берген

Жанымда болгондо сен мага жөлөк
Эркелейм өзүңө башымды жөлөп
Сүйсөм да сыноого карабай сени
Жашообуз биздин бөлөк

Кайырма:

Дүк-дүк деп өзүң деп соккон жүрөк
Айла жок өзүңсүз өмүр сүрөт
Аргасыз тагдырга баш ийсем да
Баары бир сени сүйөм
Сен барда жаркылдап күлүп жүрөм
Сен жокто кабагым түйүп жүрөм
Сен мендик болсоң да болбосоң да
Баары бир сени сүйөм

Көздөрүң көзүмө кадалса жаным
Сагыныч кусаңды көрө алам баарын
Көздөрүң алсыз го бүгүн да жаным
Жүзүңдө сүйүү жалын
Көз менен сүйлөшүп көрүшсөк кайра
Издейбиз жолугууга таппайбыз айла
Уйку жок сагынамын сени мен кайра
Жолукчуу күндөр кайда


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *