Датасы: 13.12.2025
Формат: mp3

Ак боз атты токунуп кыдыр кыргыз жергесин
Ак булутту аралап ойлор учуп кеткени
Тоонун койну гүл ай эй келип кетчи дем алып
Асыл кечим келсеңчи эй чэр жазышып кетсеңчи эй

Ала тоонун ырларынан ырдап сага берейин
Ала тоонун сырларынан жазып сага келейин
Таңкы поезд мени күтпөй кетебердин каяка?
Таңкы поезд мен да кетем сени менен сапарга

Окуп билим алам деп, кеттиң эле чет элге
Куса болду жүрөгүм, сени качан келет деп
Сагындыңбы жериңди, ак калпактуу элиңди?
Курбу курдаш досторун тосуп алат келсеңчи эй

Кайырма:
Ала тоонун ырларынан ырдап сага берейин
Ала тоонун сырларынан жазып сага келейин
Таңкы поезд мени күтпөй кетебердин каяка?
Таңкы поезд мен да кетем сени менен сапарга

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *