Кечирип кой сезимиңде ойнодум.
Сүйүп калып чачырады ойлорум.
Канча жолу унутайын десем да,
Сүйүүм күчөп жүрөгүмдү козгоду
Кайырма:
Кечирип кой, кечирип кой садагам,
Кечигиппиз сүйүү жанбас кайрадан
Кечирип кой, кечирип кой суранам,
Жолукканда байкабастан,
Жолукканда байкабастан.
Сагынычта өтөөр менин өмүрүм,
Сенде калды менин өчпөс көңүлүм.
Сен да мени сагынаарсың эскерип
Садагасы койчу мени кечирип.
Кайырма:
Дайыны жок мен өзүңдү сагынам,
Издеп келем элесиңе зарыгып.
Дайым бирге болобуз деп самагам,
Ишеничтүү күндөр келбес кайрадан.
Кайырма:
Канымжан Жаманбаева — Кечирип кой тексти
Датасы: 27.10.2020 Көрүүлөр: 16055