Жүрөгүм самап, кооз дүйнөгө азгырылып барат,
Алоолоп күйүп-жанат, ырахат каалап.
Бакытка талпынып, байлык топтоп,
Жаңырып ал туруп, бирок таппадың бакыт,
Байлык бар туруп.
Кайырма:
Жок, жок, ойлогондой болгон жок,
Каниет кылсаң гана ошондо көңүл ток,
Кайгы-капа жок.
Жок, жок, ойлогондой болгон жок,
Каниет кылсаң гана ошондо көңүл ток,
Кайгы-капа жок.
Атактуу болуп таанылсам элге
Башыма бак конот деген кыялың жалган,
Кайгыга салган…
Эркиндик сен жакта, кызыктын баары сен тарапта,
Алыс болосуң дайым кеп-ушактан.
Кайырма:
Пейилди кенен кой,
Чалкыган көлдөй терең бол.
Напси эч тойбойт дүнүйөгө
Пейилди кенен кой,
Чалкыган көлдөй терең бол.
Напси эч тойбойт дүнүйөгө.
Турдакун Ниязалиев — Пейилди кенен кой тексти
Датасы: 23.09.2020 Көрүүлөр: 4900