Жапалак үкү көңүлү шат учуп барат. Учуп барат, учуп баратып конот. Куйругун жайкайт, оң жагын, сол жагын каранат. Кайра учат. Учуп, кайра конот. Куйругун жайкайт, эки жагын каранат. Кайрадан учуп жөнөйт…

Бул эми аңгеме, а жомок мындай эмеспи: саз боюнда турна менен көк кытан жашаптыр. Экөө эки жээкке уя куруп алышыптыр.

Жалгыз жашаган турна зериккенинен ойлонуп-ойлонуп, үйлөнмөй болот.

– Кой, барып көк кытандын колун сурайын!

Турна — тяп-тяп! — үн чыгарып, сазды кечип жөнөйт.

Жетип айтып турганы:

– Көк кытан үйдө бекен?

– Үйдөмүн.

– Мага турмушка чыкпайсыңбы!

– Йе, сага ким турмушка чыксын, турна. Жок, болбойт! Тарбайып буттарың узун, көйнөгүң чолок, өзүң араң учуп жүрөсүң, сени багам деп башыма балээ үйөмбү! Жоголчу, жабышпай!

Турнанын шаабайы сууп, канаты шөлбүрөп үйүнө кайтат. Ал кеткен соң көк кытан ойлонот: «Жалгыз жашаганда не, андан көрө турнага турмушка чыкканым жакшы эмеспи».

Турнага келип айтып турганы:

– Болуптур турна, сага эле турмушка чыгайын!

– Жок, көк кытан, сенин мага керегиң жок! Үйлөнгүм келбей калды, саа үйлөнбөйм. Жоголчу!

Көк кытан уялганынан ыйлап ийет, үйүнө шөлбүрөп кайтат. Ал кеткен соң турна ойлонот: «Көк кытанды бекер таарынттым. Колоктоп жалгыз жашаганча үйлөнүп алсам болмок».

Көк кытанга кайра барат:

– Көк кытан! Мен кайра ойлонуп, сагале үйлөнмөй болдум!

– Жок, турна, сага турмушка чыкпайм, болду!

Турна үйүнө кайтат. Ал кеткен соң көк кытан ойлонот: «Эмнеге чойроңдоп баш тарттым? Кара далы болуп өтмөк белем, андан көрө турнанын колуктусу болгонум жакшы эмес беле».

Турнаныкына кайра барат, а турна болбой коёт. Ошол күндөн ушул күнгө дейре экөө бири-бириникине канча каттаганы менен, экөө баш кошо албай келет экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы41
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор34
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок24
Нооруз жөнүндө жомок22
Кырк калп жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр менен эчки20
Карышкыр жана жети улак18

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *