Туулган жер

Калтылдак көпүрөдөн өткөн соң солго бурулдук да, улам

өр тарта жээктеп жүрүп кеттик. Кара-Суу буркан-шаркан кү-
рүлдөп жатат. Туш-тарап жыш токой.

‒ Ой-и-ий… Ак-Жол!.. Карачы, Тилеген аке, Ак-Жол!.. ‒
Сатыкул жадырап-жайнап, мен бул жерди биринчи жолу

көрүп отургансып, колу менен жаңсап коюп, божурай бер-
ди. ‒ Тигине, биздин там!.. Миңбай абамын тамы… Нуркул-
дардын тамы… Ой-и-ий… дагы эле турган турбайбы!.. Тиле-
ген аке, бизчи… Нуркул экөөбүз тээтиги жерде ойноп жүрчү

элек, дүмбүл бышырып жечү элек!..

‒ Нуркул азыр да бардыр, ‒ деп койдум мен. ‒ Бирок жү-
гөрү чабыкка эми кирди да. Дүмбүл жок.

‒ Биле-ем, ‒ деди Сатыкул. ‒ Биз, Нуркул экөөбүз жа-
зында кайырмак салчу элек да!.. Ой-и-ий… ошондочу, Тиле-
ген аке, чо-оң балык илинткенбиз. Анан түштө сууда өзүбүз

балык болуп ойногондочу… Ой-и-ий, анда тим эле, сонун
болчу да!..
Иреттүү бак-дарак, жээгине ак тал менен мырза терек
кырка толгон, желге ыргалган көк камышы мол арыктар,

Туулган жер 3

кертилип-кертилип тилкеленген огороддор, өйдө-ылдый

кеткен ийри-буйру жолдор, камыш чатырлуу тепирейген-
тепирейген ак тамдар жүрөгүндө сагынычы бар баланын кө-
зүнө өз энесинин көзүндөй жылуу, сыйлуу көрүнүп кетти.

Сатыкулдун жүзү ушунчалык жадырады. Көздөрү бажы-
райып, кирпиги кылгырып, шаттык төктү. Ал мойнун созо

улам обдула берип, Ак-Жол үстүнө кыдырата көз жүгүртүп,
канаты болсо туулган жеринин үстүн жүз мерте, миң мерте
чарк айланып чыкчудай. Ошондо да жарпы жазылбачудай,
сагынычы басылбачудай!..
Муну байкап отуруп, менин оюм он талаа болду…
‒ Э, Сатыш, айылды сагындыңбы? ‒ деп сурадым. Бала

дагы эле Ак-Жол тараптан көзүн албай, акырын гана ба-
шын ийкегиледи:

‒ Ий-йи… Апамды Ак-Жолубузга кетели десем, бол-
бойт… Күзүндө дейт… жүрө берет… А мен ыйлачу элем…

Ошондочу… Тилеген аке… ошондо минтип ырдагам. Ырдап
берейинби?
‒ Кана, ырдачы, Сатыш…

‒ Адырга чыккан жекенмин,
Аргымак минер бекемин…
Аргымак оозун чойдуруп,
О-ой, айлыма качан кетемин?..

Капталга чыккан жекенмин,
Караны минер бекемин…
Каранын оозун чойдуруп,
О-ой, калкыма качан кетемин?..

Эт-жүрөгүм элжиреп кетти. Баланы так көтөрүп ала
коюп, бешенесинен өөп-өөп жибердим! Тели-теңтушун,

агайын-тууганын, киндик каны тамган Ата Журтун учуп-
күйүп самайт! Мындай тестиер бала баралына жетсе, бар-
мак басым бир айыл эмес, мүлдө кыргызга пайдасы тий-
ген, керегине жараган бир азамат чыгып жүрбөсүн?!

Бир аздан кийин ырыскы жыттуу өз туулган айылыбыз
Ак-Жолубузга кирип бардык.

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •