Датасы: 12.12.2024
Формат: mp3

Жалгызмын деп кайгырбачы
Жашоо деген татаал нерсе
Колдо барга шугур кылгын
Жаратканым сыноо берген

Бул тагдыр да өтүп кетет
Эч убакта сындым дебе
Кадам шилтеп максаттарга
Бүгүн башта тургун эрте

Кайырма:

Кайгырбачы ыйлабачы
Ал күндөр да өтүп кетет
Жакшы күндөр бар алдыда
Бир күн келээр бир күн келээр

Кайгырбачы жашай берчи
Бул убак да өтүп кетет
Жакшы күндөр бар алдыда
Бир күн келет баары келет

Кайгырбагын капаланба
Ыйлабагын эч бир себеп
Аллахымдан дуа кылгын
Баарын берет бир күн келет

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *