Шамалдуу уйгу-туйгу күз түнүндө,
Кыйналам уктай албай чоочун үйдө.
Шуулдап теректери шоокум салат,
Көрүнүп терезеден тоо түнүндөй.
Жабыла жалбырактар үн чыгарып,
Күйүттүү жаны тынбай күү чыгарып.
Качырып уйку кушун шуу-шуу этет,
Көңүлдүн шуу-шуу этет тынчын алып.
Терегим, шуулдаба, теректерим,
Эсиме шуулдасаң келет менин:
Өчүңкү өткөн күндүн элестери,
Өкүттүү өмүрүмдүн белестери.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин.
Шуулдасаң ыйлагым келет менин,
Теректерим…
Кысылган тоо койнуна кыштагымда,
Түзөңдүн там-ташы бар төш жагында.
Шуулдап миң түп терек турар эле,
Атакем тигип койгон жаш чагында.
Бактылуу оо, ал кезде бир баламын,
Көпөлөк, оюн-күлкү — уулаганым.
Байкабай уктаганым калар элем,
Теректин угуп жатып шуулдаганын.
Бирге өскөн каргадайдан моюндашып,
Кадыр кеч агам экөөбүз коюндашып.
Теректер уктап жатсак, ойготчу эле,
Жел менен желбиртеген шыбырлашып.
Жашыл көркүн жай гана шуулдатып.
Капыстан, аскар тоодой атам ооруп,
Дартынан айыкпаган каза болуп.
Теректер ошондо да шуулдаган,
Жаткандай кошок айтып созолонуп.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин.
Шуулдасаң ыйлагым келет менин,
Теректерим…
Бул өмүр өтүп барат зуулдаган,
Зуулдап өтүп барат улуу заман.
А силер жатасыңар, кайрандарым,
Туйбастан терек муңун шуулдаган.
Кадиксиз болсо дагы бир өлүшүм,
Кай күнү өмүрүм түгөнүшүн.
Капарга албай жүрөм, кайрандарым,
Терек күүсүн эшитип силер үчүн.
Жүрөмүн өлбөчүдөй, кайрандарым,
Эшитип терек күүсүн силер үчүн.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин,
Шуу ыйлагым келет менин, теректерим.
Түгөлбай Казаков — Шуулдаба теректерим тексти
Датасы: 28.10.2020 Көрүүлөр: 1388
Сөздөрдүн орундары алмашып калыптыр.