Датасы: 20.10.2020
Формат: mp3

Көл жатат көңүлдөй таптаза,
Тереңге жашырып сырларды.
Толкундар токтоосуз шарпылдайт,
«Күтпө – деп сүйүүдөн жыргалды».
Кайырма:
Анда эмесе, ак толкундар,
Өмүр бар, махабат бар.
Бир өрттөнбөй тун сүйүүгө,
Бул жашоого канбайт кумар.
Тун сүйүүгө канбайт кумар.
Сагыныч сапары карыбайт,
Саналуу үмүтүм жамгырлайт.
Толкундар бушайман көл калат,
«Кайрылбайт, ал сүйүүң кайрылбайт».
Кайырма:
Өмүрлөр түгөнөөр закымдап,
Өткүндөй жаап өткөн ирмемге.
Толкундар шыбырайт, шыбырайт:
«Жетпейсиң, жетпейсиң сүйгөнгө».

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *