Датасы: 30.09.2020
Формат: mp3

Санап, санап эсептесем өмүрдү,
Өткөн өмүр балдан ширин көрүндү.
Жел жетпеген желмаяндай мал минип,
Жетип кууп жеңер белем өлүмдү!
Кайырма:
Күүгүм кирип, күн батканын койсочу,
Саат жылып баратканын койсочу.
Оюн, күлкү салтанатка жарашкан,
Өмүр шагы бүрүн какпас болсочу.
Ойло, жигит, өмүр соккон шамалбы,
Аткан октой көрсөтпөгөн караанды.
Он сегизден өтпөс кылып өмүрдү,
Өнөр, чиркин, табар белең амалды.

Один комментарий к “Түмөнбай Колдошов — Күн батканын койсочу тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *