Мен үчүн акча деле кымбат эмес,
Отун ал, күкүрт жаксаң жанып кетет.
Мен үчүн мал, гилемдер дүйнө эмес,
Каптаса сел баарысын алып кетет.
Заңгырап турган үй да кымбат эмес,
Катуурак жер тербесе түшүп калат.
Мен үчүн эң кымбаты адам дили,
Айтылган суук сөздөн үшүп калат.
Мен үчүн ден соолук да кымбат эмес,
Соо туруп кокустуктан ажал жетет.
Бир кылым жашасам да өмүр эмес,
А өмүр көз ирмемде жанып өтөт.
Мен үчүн бийлик дагы кымбат эмес,
Жаш жетсе, жашыраагы алып кетет.
Мен үчүн эң кымбаты адам дили,
Айтылган ачуу сөздөн зилдеп кетет.
Мен үчүн уйку деле ширин эмес,
Түбөлүк уктап жатчу күн да келет.
Элимде эгер калса менден элес,
Жашоого миң жаралып келем демек.
Мен үчүн эң кымбаты адам дили,
Айтылган суук сөздөн,
Айтылган ушак сөздөн үшүп калат.
Түмөнбай Колдошов — Мага кымбат тексти
Датасы: 05.10.2020 Көрүүлөр: 2700