Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү,
Түшүңө ушул түнү кирсем экен.
Качанкы кайрылбаган жаштыгыңдын,
Бир үзүм жалынына күйсөм экен.
Ар түндө издей берип тааныш үндү,
Шарпылдак толкундарды сапырарсың.
Көздөрүң толуп кетип кусалыкка,
Обонун улуу жаздын чакырарсың.
Аны сен изде ташып, кайра толуп,
Шатырап кызыл кечте жамгыр болуп.
Издегин жүрөктөгү арзуу болуп,
Жазында таңды тосчу жаңы ыр болуп.
Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү,
Түшүңө ушул түнү кирсем экен.
Эсиңе түшө калган жаштыгыңдын,
Бир үзүм жалынына күйсөм экен,
Чын эле мен түшүңө кирсем экен…
Түмөнбай Колдошов — Мен түшүңө кирсем экен тексти
Датасы: 02.10.2020 Көрүүлөр: 1099