Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кат да жазбайм кубанычтуу, кусалуу.
Сымбатыңыз суктандырып турса да,
Жүрөгүңүз, эркиңиз да тушалуу.
Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кечириңиз, тынчыңызды алдым көп.
Сезимиңиз сенектигин байкабай,
Тажатыпмын айта берип сүйөм деп.
Ырлар жазбайм сагынычтуу, кусалуу,
Күнөөлөбөйм сүйбөдү деп сизди мен.
Сезим жанбоо — бактысыздык, чоң кайгы,
Сүйүп, зарлоо чоң бакыт деп түшүнөм.
Сиз мендиксиз, мендик дагы эмессиз,
Сезим, ойлор бирге, бирок бөлөкпүз.
Сагындырып, саргайтканыңыз үчүн,
Сүйөмүн да, жек көрөмүн сизди эпсиз.
Түмөнбай Колдошов — Сиз жөнүндө тексти
Датасы: 04.10.2020 Көрүүлөр: 6610
Караокесирн койсо болмок экен
Сонун
Мага бул ыр абдан жагат
Чон бакыт эмес,зор бакыт экен
Аябай мааниси терен ар бир ырынын,журоктон чыккан,чыгармачылыгын сыйлайм,урматтайм!!!