Датасы: 13.01.2026
Формат: mp3

Мен эми болгум келбейт жабышкандай
Бактым деп мен өзүм жалгыз алышкандай
Биз эми мурдагындай жакын эмес
Бири-бирин жакшы билген тааныштардай
Кол үздүң экөөбүздү таштадың
Жай табып кучагынан башканын

Кайырма:
Жаңылыштык жаш болдук
Азырыкка мас болдук
Көңүлдөрдү аяган
Жумшак элек таш болдук
Балким чындап жаш болдук
Жакын элек кас болдук
Биз экөөбүз чалкыган
Деңиз элек саз болдук

Сезимим ойнойт күйүп кайра тоңуп
Көлдөйт аз убакта кайра соолуп
А көрсө чок салыптыр арабызга
Ортодо башка бирөө пайда болуп
Кол үздүң экөөбүздү таштадың
Жай табып кучагынан башканын

Кайырма:
Жаңылыштык жаш болдук
Азырыкка мас болдук
Көңүлдөрдү аяган
Жумшак элек таш болдук
Балким чындап жаш болдук
Жакын элек кас болдук
Биз экөөбүз чалкыган
Деңиз элек саз болдук

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *