Датасы: 10.06.2025
Формат: mp3

Башыма сыноо түшсө
Жанымда болгон досум
Кыйналып калбасын деп
Жараткан берген кошуп

Үйүңө барып калсам
Алдыман чыгат тосуп
Дүйнөдө бир жакшы адам
Ал менин жакын досум

Кайырма:
Досум
Ниетим сага деген таза билгиң актай
Өмүрүм өткүчөктү жандап жүрөм сатпайт
Ишенсең керек болсо бүт ааламга мактайм
Ырымда даңктайм

Менин досум жакшы адам
Ага жетпейт башка адам
Абийримди сатпаган
Досум менен мактанам
Өмүр бою кайтпаган
Ишим түшсө качпаган
Катуу айтсам какпаган
Досум менен мактанам

Досум
Кудайым өмүрүнө өмүр берсин кошуп
Сыноолор болот экен досум кетпе чочуп
Жаныңда досторуң бар турабыз окшошуп
Жамандан тосуп

Кайырма:
Досум
Ниетим сага деген таза билгиң актай
Өмүрүм өткүчөктү жандап жүрөм сатпайт
Ишенсең керек болсо бүт ааламга мактайм
Ырымда даңктайм

Менин досум жакшы адам
Ага жетпейт башка адам
Абийримди сатпаган
Досум менен мактанам
Өмүр бою кайтпаган
Ишим түшсө качпаган
Катуу айтсам какпаган
Досум менен мактанам




Улук Назар — Досум тексти: 4 комментарий

    1. Достукту кандай баалуу экендигин түшүнбөй канчасы жүрөт менин досторум чыныгы достор досторум бар мен мени түшүнгөн ыраазымын баарына ыр өтө соонун

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *