Жок жерден болбогондой көбү себеб
Жашоого келгениңдин өзү белек
Толкугун канат байлап жыргаганың
Алдыда кызыктар көп ырда демек
Бакыттын өзү эмесби жашоо деген
Балы бар багаары бар төрү кенен
Жашагын байкап көргүн сезгин даамын
Иштесең ширеси бар сыры терең
Сыр болуп улам сени сындаганы
Эркелеп жакын көрүп жыргаганы
Жаралып калганыңа кубана бер
Келгенбиз бул дүйнөгө ырдаганы
Ыр деп эле ар деке дей береби
Бул дуйного ыраш учун эле келгенбизби башка максаты жокпу