Илгерки бир заманда чоң токойго падышалык кылган арстан түлкүнү колукту кылып алат. Жыл өтпөй алар уулдуу болушат. Анын кебетеси арстандын өзү болгону менен үнү атасыныкындай күрүлдөбөй, таптакыр эле түлкү энесиникиндей чыйылдак болуп чыгат.

Качан ал чоңойгон кезде карыган арстан атасы өз бийлигин уулуна өткөрүп бермей болуп мындай дейт:

— Балам, сен эңгезердей болуп эр жетип, менин ордумду баса турган болуп калдың. Буга сенин бой турпатың да, эрдигиң да жетиштүү, бир гана энеңдикиндей чыйылдак үнүң эл башкарууга жарабайт. Ошон үчүн мен сени эл алдына алып чыгып падышалыгымды өткөрүп береримде эч кандай үн чыгарбай кабагыңды гана карыш салып унчукпай тур. Токой жаныбарларын сөз менен эмес каардуу көз менен деле башкарса болот, — деди.

Жаш арстан атасынын сөзүн көңүлүнө түйүп, бийликти өткөрүп алар күнү ал айткандай кабагын карыш салып, түркүн жаныбарларды үстүртөн карап турду. Карт арстан карыганын айтып, бийликти баласына өткөрүп берерин жарыялаганда бүт жаныбарлар аны айга-күнгө теңей мактап, болушунча кошоматтанып бүтүп, жаңы жана жаш падышага куттук айтып киришти, ага атасынан кем эмес жагалданышып, укмуштай тилектерин каалашып, эзели эч кимге арналбаган мактоолорду арнашканда жаш арстандын ичи элжиреп, атасынын унчукпа дегенин унутуп коюп, жаныбарларга үстөкө-босток ыраазычылыгын билдирип жиберди. Мындай алп арстандан ушундай чыйылдаган үн чыкканына жаныбарлар бир азга ишене албай дым болуп калышты да, кыраан-каткы түшүп каткырып жиберишти, өздөрү да байкабай жаңы падышаны шылдыңдап жиберишти.

Баласынын башкарууга келбей жатып букараларына сырын алдырып койгонуна күйүнгөн карт арстан падышалык ордуна бир тууганынын баласын коюуга мажбур болду. Ошондон кийин жан-жаныбарлар арасында “унчукпоо баарынан кымбат” деген сөз жайылыптыр.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор33
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок23
Кырк калп жомок21
Нооруз жөнүндө жомок21
Карышкыр жана жети улак18
Карышкыр менен эчки18
Коён менен кирпи18

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *