Арманда калдым кезигип,
Унута албай жүрөк эзилип.
Эстейсиңби сен да сагынып?
Тагдырыма калдым багынып.
Кайырма:
Азапка мени таштаба,
Ардагым сүйөм, садага.
Алсызмын эми өзүң жок,
Нике шакек тактың башкага.
Ашууларды бийик ашпаймын,
Турмушумда эми шашпаймын.
Сага деген жылуу сезимим,
Өчүрбөстөн ыйык сактаймын.
Кайырма:
Тилегим аппак кар эле,
Унута албай жүрөм дагы эле.
Ата-энең кылып каршылык,
Айласыздан жаным айрылдык.
Кайырма:
Ардагым, сүйөм сени…
Венера Назаралиева — Азап тексти
Датасы: 01.10.2020 Көрүүлөр: 379