Датасы: 06.04.2021
Формат: mp3

Буралып гүлү жайнаган,
Булбулу бакта сайраган.
Ала-Тоо кыргыз жергеси,
Артыкко сайган саймадан.

Кайырма:

Жерибиз көрккө ыңгайлуу,
Элибиз билбейт муң-кайгы.
Ынтымак, достук бизде бар,
Ырдайлы, достор, ырдайлы!

Жарашып тынчтык шартына,
Фестиваль майрам жалпыга.
Кулагын тосот Ала-Тоо
Ырдаган дыйкан малчыга.

Кайырма.

Жектейбиз согуш кыргынын,
Билебиз тынчтык чындыгын.
Баалайбыз сүйкүм мекендин
Байлыкка тунган ой-кырын.

Кайырма.

Жерибиз көрккө ыңгайлуу,
Элибиз билбейт муң-кайгы.
Ынтымак достук бизде бар,
Ырдайлы, достор, ырдайлы!

Ырдайлы достор ырдайлы тексти: 76 комментарий

      1. Ката бар
        Бул жерде фестиваль ыры жалпыга деп жатат а ырдаганда болсо башкача айтып атат ошол айтканына мен тушунгон жокмунда ошого башкача айтып атат деп атам

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *