Датасы: 06.04.2021
Формат: mp3

Буралып гүлү жайнаган,
Булбулу бакта сайраган.
Ала-Тоо кыргыз жергеси,
Артыкко сайган саймадан.

Кайырма:

Жерибиз көрккө ыңгайлуу,
Элибиз билбейт муң-кайгы.
Ынтымак, достук бизде бар,
Ырдайлы, достор, ырдайлы!

Жарашып тынчтык шартына,
Фестиваль майрам жалпыга.
Кулагын тосот Ала-Тоо
Ырдаган дыйкан малчыга.

Кайырма.

Жектейбиз согуш кыргынын,
Билебиз тынчтык чындыгын.
Баалайбыз сүйкүм мекендин
Байлыкка тунган ой-кырын.

Кайырма.

Жерибиз көрккө ыңгайлуу,
Элибиз билбейт муң-кайгы.
Ынтымак достук бизде бар,
Ырдайлы, достор, ырдайлы!

Ырдайлы достор ырдайлы тексти: 76 комментарий

  1. Мага дагы жакты бирок бизге дагы муну жаштагыла деди капа болбогула
    бирок бул жерде бир ката бар экенда фестиваль майрам жалпыга деген туура эмескен наркы ырдап жаткандар башкача айтып атат а бул жакта жазылганы башкача болуп ататта

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *