Датасы: 06.04.2021
Формат: mp3

Буралып гүлү жайнаган,
Булбулу бакта сайраган.
Ала-Тоо кыргыз жергеси,
Артыкко сайган саймадан.

Кайырма:

Жерибиз көрккө ыңгайлуу,
Элибиз билбейт муң-кайгы.
Ынтымак, достук бизде бар,
Ырдайлы, достор, ырдайлы!

Жарашып тынчтык шартына,
Фестиваль майрам жалпыга.
Кулагын тосот Ала-Тоо
Ырдаган дыйкан малчыга.

Кайырма.

Жектейбиз согуш кыргынын,
Билебиз тынчтык чындыгын.
Баалайбыз сүйкүм мекендин
Байлыкка тунган ой-кырын.

Кайырма.

Жерибиз көрккө ыңгайлуу,
Элибиз билбейт муң-кайгы.
Ынтымак достук бизде бар,
Ырдайлы, достор, ырдайлы!

Ырдайлы достор ырдайлы тексти: 76 комментарий

    1. Ты вообще не лезь не в своё дело это не твоя нация и кстати у Русских тоже или у твоего нации тоже ГО£НО ФУУУУ

  1. Абдан мазмундуу, шандуу ыр. Музыкасы да, тексти да топ келген. Бул ырды ынтымакка чакырган гимн деп койсо туура болчудай.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *