Сен баалабадың
Менин сүйүүмдү
Неге ооруттуң
Гүл көңүлүмдү
Муздак күндөрдө
Батып арманга
Болду мени да
Эстеп ыйлаба
Кайырма
Жообуңду кошпой койчу
Жоодурап тоспой койчу
Жолобой деле койчу
Суранам
Көңүлгө албай койчу
Көзүңдү салбай койчу
Көрүнбөй деле койчу
Суранам
Сен түшүнбөдүң
Менин оюмду
Болду тоспочу
Менин жолумду
Унутам сени
Эстебейм эми
Бактым менин ай
Кечирдим сени
Кайырма
Жообуңду кошпой койчу
Жоодурап тоспой койчу
Жолобой деле койчу
Суранам
Көңүлгө албай койчу
Көзүңдү салбай койчу
Көрүнбөй деле койчу
Суранам