Биз жолуктук, билбейм, качан, үмүтүм,
Бийлеп алдың жүрөк сырын сен бүтүн.
Жолукканда бир жолу эмес, тагдырга миң,
Тагдырга миң ырахмат.
Бизди кошкон, өмүр бою
Ошол бейпил, ошол бейпил күн үчүн.
Мен өмүрдө даалай жолу ыйладым,
Мээрим издеп, өзүмдү өзүм кыйнадым.
Жолукканда ошол күнү,
Эң биринчи, эң биринчи өзүңө,
Көңүл дегдеп, жүрөк толкуп, жүрөк толкуп,
Көөдөнүмө сыйбадым.
Ошондогу сулуулугу, ай, дүйнөнүн,
Мен Жер шарын бүт айланып жүргөнмүн.
Бул дүйнөдө, бийик кармап,
Ыйык сүйүү, ыйык сүйүү желегин,
Мен өзүңө эрте-кечтир,
Жолугарым, жолугарым билгенмин.
Юлия Руцкая — Жолугарым билгенмин тексти
Датасы: 14.10.2020 Көрүүлөр: 389