Алалуу жылкы элде бар,
Ашыктык милдет сенде бар.
Армандуу болдум жете албай,
Үкөйүм, аз милдетиң менде бар.

Кулалуу жылкы элде бар,
Курдаштык милдет сенде бар.
Кусадар болдум жете албай,
Куп милдетиң менде бар.

Ар убак турат эсимде,
Айлыңа барсам кечинде.
Алтынга окшош Үкөйүм,
Ай тийген тоонун бетинде.

Күмүшүм турат эсимде,
Күнүгө барсам элиңе.
Кумүшкө окшош Үкөйүм,
Күн тийген тоонун бетинде.

Один комментарий к “Үкөй”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *