Датасы: 27.08.2020
Формат: mp3

Жаз күтүп, жаз келбесең күзгө калып,
Күз күтүп, күз келбесең кышка барып.
Ошентип он эки айым өтүп кетмек,
Ошентип ар бир күнүм кайталанып.

Койсо эгер тагдыр сага жолуктурбай,
Таарынбай кыйгач түшкөн жолго ушундай.
Ктмөкмүн келбесең да өмүр бою,
Майдандан жарын күткөн колуктудай.

Мен сени жаштар өткөн жолдон күтөм,
Мен сени жаштар жүргөн тойдон күтөм.
Күтөмүн эң акыркы түңүлүүдөн,
Күтөмүн маңдай жарган сүйүнүчтөн.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *