Мени менен жашап келет чырайың
Каршылаштын баарын жеңип чыгайын
Сезимдерге моюн сунуп баратам
Сүйсөм анан айтчы эмне кылайын
Аруу таза сага тунук жүрөгүм
Айлам кетип көргүм келет чүрөгүм
Алгач көргөн жамалыңды өчүрбөй
Ошол бойдон сактап коюп жүрөмүн
Кайырма:
Эй жүрөк каалаган
Сен болдуң баалаган
Мен сенин жаныңдан
Кетпей айланам
Кыйнабай аясаң
Жыгылсам таясаң
Ак сүйүү суна алам
Жаным кааласаң
Ак сүйүүнү көргөзгөн сен көзүмсүң
Таза аруу тунук менин көлүмсүң
Сураганда так жообумду айта алам
Жалгыз гана жүрөгүмдө өзүңсүң
Аруу таза сага тунук жүрөгүм
Айлам кетип көргүм келет чүрөгүм
Алгач көргөн жамалыңды өчүрбөй
Ошол бойдон сактап коюп жүрөмүн
Кайырма:
Эй жүрөк каалаган
Сен болдуң баалаган
Мен сенин жаныңдан
Кетпей айланам
Кыйнабай аясаң
Жыгылсам таясаң
Ак сүйүү суна алам
Жаным кааласаң