Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Ааламга таанытып көзүмдү,
“Апа” деп кубантып өзүмдү.
Ар убак арнадың мен үчүн,
Алтынга алмашкыс кезиңди.
Сагынсам, алдыңа барам жай,
Сапардан кайтуучу адамдай.
Санаада жүрөмүн, апаке,
Сага арнаар бакытты таба албай.
Күнүмсүң нур чачкан асманда,
Гүлүмсүң кумарым артканга.
Кымбатым, тамырым өзүңдө,
Кыйналам сен түйшүк тартканда.
Өкүнбөс өмүрлөр аз экен,
Өзүң бар көңүлдөр жаз экен.
Өткөрүп бактылуу күндөрдү,
Өмүрлүү боло көр, апаке.

Один комментарий к “Замир Арыкбаев — Апаке тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *