Жароокерим татынам жаркылдагым
Сездим сенден жашоодо бакыттарым
Үйүбүздүн мээрими шаңы болуп
Үмүт куруп сүйүү сунуп кашымдасың
Кайырма:
Балкып кетем балдарыма жарык чачсан
Эки дүйнө өмүрдүн балын татсак
Мээнет кылдың уул кызымды
Менин күткөн турмушумду
Өзүңдөн гүлдөй терең бакыт тапкам
Асыл жарым сүйүүмдүн мүрөгүсүң
Аппак жамал перинин жүрөгүсүң
Оюмдагы сезимимди күүгө салган
Ырдап жаткан бир адамдын жүрөгүсүң
Кыйын күндө өчпөгөн болуп шамым
Ыйманымды дагы да толуктадың
Эки дүйнө түбөлүк бир бололу
Жан дүйнөнүн гүлдөп турган жолундамын