Он сегиз жаш,
Тоодо тунук булак белең?
Болбосо андан учкан бубак белең?
Кайрылбай кайда кеттиң, айтчы деги?
Адашып айлыңды мен сурап келем.
Он сегиз жаш,
Жайдын жарык таңы белең?
Болбосо боз туйгундун шамы белең?
Бир жолу кайрылбастай тамшандырган,
Жылт эткен жаштыгымдын шамы белең?
Он сегиз жаш,
Күндө беле сенин серең?
Болбосо жүрөгүмдүн деми белең.
Кош эми, өкүнсөм да унутпаймын,
Өткөргөн өмүрүмдү сени менен.
Зейнеп Шаакеева — 18 жаш тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 38186
Жок тапкан жокмун
оа жакты
Ооба да сонун
Ооба сонун унутулгуз ырда
Кайталангыс ыр,кайталангыс үн! Шедевр!