Датасы: 22.04.2021
Формат: mp3

Эсте секет, эсте секет кара көз,
Эсиңдедир биз антташкан анттуу сөз.
Коштошкондо кол кармашып жалжылдап,
Гүл аңкыган көл боюнда турган кез.

Тагдырымдын шамы болдуң бир өзүң,
Жүрөгүмдү эриткендей мүнөзүң.
Көз илинип уктап кетсем о чиркин,
Колтукташып бирге ойноп жүрөсүң.

Сүйүү гүлүн соолутпастан сактагын,
Сага деген кымбат шертим актадым.
Элесиңди көрүп алып түшүмдө,
Коргошундай эрип кете жаздадым.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *