Жаңы жылды тосолу тексти

Сөзү : Т.Кожомбердиевдики
Обону : С.Жумалиевдики
Жүрөк эргип кагылып,
Санат жеткис жаңылык.
Кирип келет аздан соң,
Жаңы жылым жаңырып.
Жаңы бакыт агылып,
Үндү бийик созолу,
Күлкү менен шат менен
Жаңы жылды тосолу.

Жаштар дагы карылар,
Кубангыла баарыңар.
Жаңы жылдын өзүнчө
Айтып бүткүс шаңы бар,
Айтып бүткүс жагы бар
Биз да добуш кошолу
Күлкү менен шат менен
Жаңы жылды тосолу.

Алгыла ыр кесени,
Азыр ырдын кезеги.
Соолубасын өмүрлөр,
Соо жүрөлү дешели.
Соо жүрөлү дешели.
Үндү бийик созолу,
Күлкү менен шат менен,
Жаңы жылды тосолу.

Самара Каримова. Жаңы жылды тосолу тексти жана mp3: 34 комментарий

  1. Мага жакты аябай Самара Эже сиздин ырыныз.мага аябай жагат

    1. Аябай сонун болуптур ыр дагы голосунуз дагы

  2. Саламатсызбы Самара эже менин атым Айгерим мен вокалда окуйм мага жазып коюнузчу мен сизге окшоп ырчы болгум келет

  3. Мен казахстанда турам маган оте унайды осы ан Самара даусы журеке жагады супер ❤

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *