Мемиреген жайкы жайлоо таңында,
Балдан ширин таттуу уйкуга баткамын.
Жагымдуу бир сезим берди жаныма,
О, жылкычым, сенин ырдап жатканың.

Камбар ата сан жылкынын башында,
Таңга карап көшүп, ыгып тургандыр.
Ырчы жигит түн күзөтүп кашында,
Ойгонсун деп, мага көңүл бургандыр.

Балким менмин балким, тигил ак келин,
«Бекбекейлеп» улуу тоодон үн каткан.
Каршы эмесмин тапкандарга тең-теңин,
Кызык экен үн алышып мал баккан.

Жайлоодо тексти: 3 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *