Бериңиз деп ыйлап,
Пенсияңызды жыйнап,
Мен Бишкекке келип алдым апа.
Кайда барып жатам?
Кимдикине батам?
Кандай кылам билбей калдым апа.
Борбор аянттагы,
Солдаттардын жаны,
Күүгүм кирип көз байланды апа.
Айылдагы үйүм,
Болсочу деп бүгүн,
Эки көзүм төрткө айланды апа.
Милициялар келди,
Мага жардам берди,
Прописка жок алып кетти апа.
Тыгылышып баткан,
Бекер эле жаткан,
Ал күндөрүм алыс кетти апа.
Азыр болсо эми,
Тааныш кыйын мени,
Кайда барсам конуп калдым апа.
Вечерлерде бийлеп,
Орусчалап сүйлөп,
Шаардык жигит болуп калдым апа.
Түшүнөсүз бизди,
Сагынганда сизди,
Маяк берсем чалып койчу апа.
Сүйлөшөлү кенен,
Кайра кийин берем,
Единица салып койчу апа.
Батирлерде турам,
Көчүп-конуп улам,
Бабаларым көчмөн болгон апа.
Бишкекке үй курсам,
Пропискага турсам,
Анан болду көчпөй коём апа.
Кыргызым деп күйөм,
Кыргызстанды сүйөм,
Шок балаңды баалап алчы апа.
Жашырынып элден,
Санаа тартып менден,
Шок-Фактыдан карабачы апа.
Таба албасаң тыйын,
Шаарда жашоо кыйын,
Айылымды сагынамын апа.
Үч тамгадан турган,
Сизге жаным курман,
Карааныңдан кагылайын апа.
Айылыма салам,
Отвечаю барам,
Прописканы кайдан алам апа?
Каалабаймын кейиш,
Таманыңыз бейиш,
Сиздей затты кайдан табам апа?
Эмгегиңди актап,
Мекенимди сактап,
Эл-журтумдан алайынчы бата.